Ысык-Көлдө жол курулуштарын тездетүү тапшырмасы берилди

Ысык-Көлдө жол курулуштарын тездетүү тапшырмасы берилди

Транспорт жана коммуникация министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында эл аралык жана ички маанидеги унаа жолдорунда жүргүзүлүп жаткан курулуш, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министр жолдордун учурдагы абалына мониторинг жүргүзүп, аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерди. Ошондой эле курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берди.

Талантбек Солтобаев туристтик сезондун башталышы менен жол кыймылынын коопсуздугун жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.

Министрликтин маалыматына ылайык, аймактагы жол курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө турат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө 10 айда 572,41 тонна бал экспорттолду

Баткен менен Кытай инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн 3 жаран кармалды

Бишкекте Дүйнөлүк банктын НПИС долбоорун колдоо миссиясы башталды

Ошто 6 тилкелүү жол жана заманбап транспорттук түйүн курулууда