Ноокатта 164 млн сомго мектеп салынууда

Ноокатта 164 млн сомго мектеп салынууда

Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт.

Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп салынды. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган.

Курулуштун сапаты жана аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп, текшерилүүдө.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 500дөн ашык окуучу билим алат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды