Алайда 193 млн сомго мектеп курулууда

Алайда 193 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Алай районунун Гүлчө айылында 275 орундуу мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Объекттин курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 193 миллион сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, заманбап үлгүдөгү эки кабаттуу окуу корпусу, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы болот. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Имараттын жалпы аянты 2104 чарчы метрди түзөт. Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.

Курулуштун сапаты жана аткарылып жаткан иштер Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Кыргызстагы баяндамачысы Мариетта Караманли менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын алакаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдө мыйзам

Улуттук банк милдеттүү камдар боюнча талапты бузган банкка айып салды

Улуттук банк милдеттүү камдар боюнча талапты бузган банкка айып салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы милдеттүү камдардын көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин аткаруу боюнча талаптарды сактабагандыгы үчүн бир коммерциялык банкка айыптык төлөм салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу 2026-жылдын 18-майынан 14-июнуна чейинки базалык мезгилде аныкталган. Анын негизинде коммерциялык банкка 1 361,49 сом өлчөмүндө айып

13 медициналык окуу жай аккредитациядан өтпөй калды

13 медициналык окуу жай аккредитациядан өтпөй калды

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрларды даярдаган 13 жогорку окуу жай мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калганын билдирди. Маалыматка таянсак, жаңы талаптарга ылайык, бардык медициналык окуу жайлар 2026-жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттик аккредитациядан өтүшү керек болчу.  Бул талапты аткара албаган окуу жайлар эми билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана диплом берүү укугунан ажырайт. Акредитациянын жыйынтыгында

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруудагы маселелер талкууланды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруудагы маселелер талкууланды

4-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Манас шаарында өткөн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” эл аралык темир жолун куруу маселелерине байланышкан жыйынга катышты. Көчмө жыйында Жалал-Абад облусу аркылуу өтө турган темир жолдун  жеринде жайгашкан турак жай ээлерине кенемте төлөө жана жер тилке маселелери талкууланып, соңунда протоколдук тапшырмалар