Чек арадагы фитосанитардык көзөмөл күчөтүлөт

Чек арадагы фитосанитардык көзөмөл күчөтүлөт

3-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя фитосанитардык көзөмөл пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Эрлист Акунбеков Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына импорттолуп жаткан айыл чарба продукцияларындагы нитраттардын жана нитриттердин курамына көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментине өткөрүү пункттарындагы фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин киришине жол бербөө боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырды.

Аталган пунктта импорттолгон айыл чарба продукцияларынын Кыргызстандын фитосанитардык талаптарына шайкештиги көзөмөлдөнөт. Ар бир партия лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлүп, ал эми бакча өсүмдүктөрү ички рынокто сатууга уруксат берилерден мурун нитраттардын жана нитриттердин деңгээли боюнча кошумча текшерүүдөн өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media