Бишкектеги 17 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги 17 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Матыев көчөсүнүн 21 жана 21/1 даректеринде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда курулуш нормаларынын жана коопсуздук талаптарынын бузулганы белгилүү болгон.

Атап айтканда, объекттин дарбазасы башкы планга ылайык орнотулган эмес, дөңгөлөктөрдү жуу пункту уюштурулган эмес жана казылган котлован талаптагыдай тосулган эмес. Ошондой эле “А” блогундагы котлован долбоорго ылайык бекемделбегени жана курулуштун аяктаган этаптары боюнча аткаруу документтери тапшырылбаганы аныкталган.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кап Строй Кей Джи” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу талабы коюлду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш компанияларын курулуш ченемдерин жана коопсуздук талаптарын так сактоого чакырып, мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды