Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүнө 20 см кар жаады
7-июнда Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүнө калыңдыгы 15-20 см кар жаап, мал жандыктарга кыйынчылык жаралган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматкерлер тарабынан малчыларга 335 түк чөп жеткирилип берилди. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрациясынын өкүлдөрү Сырт өрөөнүнүн тургундары менен жолугуп, кабар алышты.
Эске салсак, кар Ак-сай өрөөнүнө да жаап, жергиликтүү малчыларга чөп жеткирилген.