Жаратылыш парктарын модернизациялоого 80 млн сом жумшалат

Жаратылыш парктарын модернизациялоого 80 млн сом жумшалат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы менен келишимге кол койду. Долбоордун жалпы наркы 80 миллион сомго жакын каражатты түзөт.

Келишимдин алкагында Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап өткөрүү пункттары курулат. Ошондой эле өлкөдөгү 16 мамлекеттик жаратылыш паркында жана коруктарында автоматташтырылган өткөрүү пункттарын орнотуу пландалууда.

Долбоор өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, конокторду каттоо системасын өркүндөтүүгө жана каржылык агымдардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, автоматташтырылган чечимдер конокторду каттоо процессин санариптештирүүгө, адам факторун азайтууга, экологиялык объектилердеги көзөмөлдү жана коопсуздукту күчөтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле бул чаралар коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга көмөк көрсөтөт.

Долбоордун ишке ашырылышы жарандарга жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен катар жаратылыш аймактарын натыйжалуу башкарууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media