Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү күчөтүп жатканын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана браконьерликке бөгөт коюу максатында туруктуу негизде рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жарандардан түшкөн маалыматтардын негизинде да мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Министрлик Кызыл китепке кирген жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз атып же жок кылуу мамлекетке келтирилген зыянды төлөөгө алып келерин эскертти.

Бекитилген тарифтерге ылайык, мыйзамсыз алынган:

  • Ортоазиялык күндуз жана мензбир сууру үчүн – 20 миң сом;
  • Брандт кирписи, индия кирписи, суусар жана чаар күсөн үчүн – 10 миң сом;
  • Узун ийнелүү кирпи, суу чычкан, айрым жарганаттар жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарлар үчүн – 10 миң сом өлчөмүндө зыян өндүрүлөт.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого чакырып, мыйзамсыз аңчылык фактылары тууралуу 108 ишеним телефону аркылуу билдирүүгө болорун маалымдады. Маалымат берген адамдардын купуялуулугу сакталат.

Мындан тышкары окуңуз

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагында суу сактагычты куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен коомдук талкуу өткөрүлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева, Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча

Аяз Баетов: Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан карыз алган эмес

Аяз Баетов: Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан карыз алган эмес

Юстиция министри Аяз Баетов социалдык тармактар аркылуу Кыргызстандын Кытайга болгон карызы тууралуу билдирди. Анын айтымында, Кытай Эл Республикасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында 1 миллиард 796 миллион 853 мин 530 доллар карыз алынган.  2020-жылдан бери бир да доллар Кытайдан карыз алынган эмес. Тескерисинче 419 миллион 840 мин 537 доллары