Тамчыдагы мыйзамсыз курулуш токтотулуп, 200 миң сом айып салынды

Тамчыдагы мыйзамсыз курулуш токтотулуп, 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында курулуш мыйзамдарын бузуу менен салынып жаткан объекттин курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, департаменттин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Тамчы айылынын Ш. Усубакунов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Тактап айтканда, объект уруксат берүүчү документтерсиз жана макулдашылган долбоорсуз курулуп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле курулушта өрт коопсуздугу боюнча талаптар жана коңшу жер тилкесине чейинки минималдуу аралык сакталбаганы аныкталган.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн жаранга карата акт жана протокол түзүлүп, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу талабы коюлган. Мындан тышкары, ага 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулган.

Мамлекеттик архитектура-кулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык тараптарды мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырып, талаптар аткарылбаган учурда жоопкерчилик караларын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын аймагы аркылуу өтүп жаткан товарларды контрабандалык жол менен ташуунун трансчек аралык каналын аныктап, ага бөгөт койду. УКМКнын маалыматына таянсак, жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 2026-жылдын 6-сентябрында “Ош” эл аралык аэропортунда “Esse Change” тамеки продукциясын ири өлчөмдө контрабандалык

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

Фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, насыя алуу үчүн “АБанк” же “Элдик Банкка” кайрылууга болот. Насыя 5 жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады. 24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Бүгүн Ош шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте өткөрүлгөн жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын