Ош жана Баткенде террордук уюмдардын мүчөлөрү кармалды

Ош жана Баткенде террордук уюмдардын мүчөлөрү кармалды

Ош жана Баткен облустарында эл аралык террордук уюмдардын 31 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 9-июнга караган түнү кеңири масштабдагы антитеррордук операция жүргүзүлүп, Оштон 11 , Баткенден 20 шектүү колго түшүрүлгөн. Алар "Катиба аль-Таухид валь-Жихад" жана "Ислам мамлекети" уюмдарынын мүчөлөрү болушкан.

Шектүүлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана диний ишмерлерге каршы террордук актыларды уюштурууну пландап жатышканы аныкталганы айтылды.

Атайын операцияны координациялоо үчүн Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы, Коргоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги өкүлдөрү, президенттин аймактардагы өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэриясы катышкан ыкчам штаб түзүлгөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалгандардан диний-экстремисттик адабияттар, экстремисттик материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары, каттоодон өтпөгөн төрт курал, террордук уюмдардын символикалары жана чет өлкөлөрдөгү жашыруун террордук түзүмдөрдү каржылоого арналган каражаттар алынган.

УКМК атайын операция мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн белгилеп, учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланып жатканын билдирди. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media