Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 10-июнда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт автожолу” постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Кытайга таандык 24,6 тонна грек жаңгагы жана макадамия жаңгагын Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган. 

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 4.3.4 пунктуна ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын таңгагында маркалоонун жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Дароо алып, акысын бөлүп төлөңүз: BAKAI «Бөлүп төлөө» кызматын ишке киргизди

Өлкөдө 656 чакырымдан ашык ирригациялык канал оңдолду

Чаек айылында 3000 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулууда

Кыргызстандык көзү азиз спортчулар Дүйнө чемпиондугунда 3 байге утушту

Чүйдө таштандыны мыйзамсыз төккөн ишканага айып салынды