Сейрек өсүмдүктөрдү жыйноого жана сатууга тыюу салынат

Сейрек өсүмдүктөрдү жыйноого жана сатууга тыюу салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдөгү сейрек кездешүүчү жана баалуу өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга киргизилген мораторий дагы эле күчүндө экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы токтомуна ылайык, белгиленген өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, ошондой эле экспорттоого тыюу салынган.

Чектөө макротомия, эндик, ичке жалбы, афлатун пиязы, алтын тамыр жана башка сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө карата колдонулат.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо талаптарын сактоого чакырып, аталган чектөөлөр 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болорун билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК комитети жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети 6-октябрда жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан кабыл алынды. Юстиция министрлигинин орун басары Кубан Казаков билдиргендей айрым мыйзам чыгаруу

Ишкер Media
"Локомотив" комплексинде муз тебүүчү аянтча ачылды

"Локомотив" комплексинде муз тебүүчү аянтча ачылды

Бүгүн, 6-октябрда "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде муз тебүүчү аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынан билдиришет. Жаңы сезондун ачылышы менен "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси балдарды, чоңдорду активдүү эс алууга чакырат. Бул жерде көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана

Ишкер Media
Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү

Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жарандарды туристтик сапарларды, эс алууну жана туристтик жолдомолорду сатып алууну сунуштоо менен байланышкан алдамчылык фактылары көбөйүп жатканы тууралуу эскертүү таратты. ИИМдин маалыматына караганда, алдамчылар социалдык тармактарга жана мессенджерлерге чет өлкөгө “пайдалуу баада” саякаттап келүүнү сунуштаган жарыяларды жайгаштырышат. Анда авиабилеттер,

Ишкер Media
Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жаңы экономикалык долбоор башталды. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги билдирди. НПИС алкагында "Жем жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу" долбоору ишке киргизилди. Анын максаты - жергиликтүү дыйкандардын продукциясын чийки зат катары эмес, кайра иштетип, кошумча нарк менен сатуу. Маалым болгондой,

Ишкер Media