Түркияда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандыктын сөөгү табылды

Түркияда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандыктын сөөгү табылды

Түркиянын Анталья провинциясынын Кемер районунда деңизде дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы кыргызстандык Э.Ж. аттуу жаран 6-июнда Антальядагы мейманканалардын биринде иштеп жүргөн учурда деңизге түшүп, дайынсыз жоголгон.

Жээк күзөт кызматы жана тиешелүү органдар жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында анын сөөгү 11-июнда табылган. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн зарыл документтерди даярдоо иштери жүрүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул маселе Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугунун жана министрликтин көзөмөлүндө турат.

Түркиялык маалымат каражаттары билдиргендей, маркумдун сөөгү Белдиби аймагындагы деңиз жээгинен табылып, андан соң соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн тиешелүү мекемеге жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкек шаарында жылуулук берүү алдынкы күндөрдөгү аба-ырайына байланыштуу болот. Бул тууралуу "Ишкер медиасына" Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, өлкөдө 5 күн менен катары аба-ырайы +8 градустан төмөн болгон учурда бериле баштайт. Ошондой эле, муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр экени

Ишкер Media
Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Жыл башында бул көрсөткүч 61,5 миң гектарды түзгөн. 2029-жылга чейин аны 200 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 2026-жылы тармакта бир катар чечимдер кабыл алынды: Президенттин Жарлыгы менен сентябрь айынын акыркы жума күнү Улуттук органикалык айыл чарба күнү болуп белгиленди. 2025-2029-жылдарга

Ишкер Media
Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

“Бишкек Аренанын” ачылышынан кийин, 18-октябрда өтө турган Шакиранын концертине - акысыз билет же чакыруу сурап өкмөт өкүлдөрүнө кайрылгандар көп болуп жатат. Ушундан улам Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков өзүнүн баракчасында, Шакиранын концертине акысыз билет жана чакыруу болбостугун билдирди. Дайыр Орунбековдун айтымында, Шакиранын келип, концерт коюшу коммерциялык жана киреше

Ишкер Media
Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды

Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев бүгүн Тбилисиде өтүп жаткан Жашыл климаттык фонддун аймактык диалогуна катышууда. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Министр климаттын өзгөрүшү суу тартыштыгына, селге, кургакчылыкка алып келип, чек аралык тобокелдиктерди жаратып жатканын айтты. Анын пикиринде, буга каршы күрөшүүдө жаңы система эмес, учурдагы улуттук институттарды күчөтүү керек. Ал тоолуу экосистемаларды

Ишкер Media