Ысык-Көлдөн браконьердик торлор табылды

Ысык-Көлдөн браконьердик торлор табылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлгө болгон жумушчу сапарынын алкагында көлдүн экосистемасын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган браконьердик торлор алынып чыкты. Бул иштер Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Ошондой эле браконьерчиликке каршы күрөштү күчөтүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын курамында атчан взвод түзүлгөнү маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Акча которуу кызматтарына карата талаптар катаалдашат

Акча которуу кызматтарына карата талаптар катаалдашат

КРнын Улуттук банкы акча которуу системалары аркылуу которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Маалыматка ылайык, документ акча которуу системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салууну өркүндөтүүгө, алардын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана көзөмөл механизмдерин жакшыртууга багытталган. Долбоордо операторлор үчүн бир катар жаңы талаптар каралган. Ага ылайык, акча которуу

Мектепте ата-энелерден 1 млн сомдон ашык акча чогултулган

Мектепте ата-энелерден 1 млн сомдон ашык акча чогултулган

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан баш калаада жайгашкан №24 мектебинин жооптуу кызматкерлери тарабынан окуучулардын ата-энелеринен мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мыйзамсыз акча каражаты чогултулган. Башкы прокуратрунанын маалыматына ылайык, жалпы чогултулган акчанын суммасы 1 131 450 сомду түзгөн. Акча каражаттардын бир бөлүгү билим берүү мекемесинин кызматкеринин жашаган жеринде сакталгандыгы аныкталды. Аталган

Жаңгак-мөмө токойлору: экологиялык мурас жана экономикалык ресурс

Жаңгак-мөмө токойлору: экологиялык мурас жана экономикалык ресурс

Жалал-Абад облусунда өткөн “Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору” аттуу эл аралык илимий конференцияда өлкөнүн реликттүү токойлорун сактоо менен катар алардын экономикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев, ошондой эле Европа жана Азиянын 20дан ашык өлкөсүнөн келген 30дан ашуун эл

Түркияда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандыктын сөөгү табылды

Түркияда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандыктын сөөгү табылды

Түркиянын Анталья провинциясынын Кемер районунда деңизде дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 24 жаштагы кыргызстандык Э.Ж. аттуу жаран 6-июнда Антальядагы мейманканалардын биринде иштеп жүргөн учурда деңизге түшүп, дайынсыз жоголгон. Жээк күзөт кызматы жана тиешелүү органдар жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында анын