“Орто-Алыш” суу топтоочу жайы пайдаланууга берилди

“Орто-Алыш” суу топтоочу жайы пайдаланууга берилди

“Орто-Алыш” суу топтоочу жайынын аймагында Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган “Бишкек шаарын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын калыбына келтирүүдолбоорунун экинчи фазасынын аякташына арналган иш-чара өттү.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, иш-чарага баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев, ЕРӨБдүн аймактык жетекчиси Айтен Рустемова жана Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сирокко Мессерли катышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өз сөзүндө 2022–2023-жылдары борбор калаанын тургундарды ичүүчү суу менен камсыздоодо олуттуу көйгөйлөргө туш болгонун белгиледи. Анын айтымында, долбоордун алкагында ишке ашырылган иш-чаралар суу менен камсыздоо тутумун кыйла чыңдоого жана анын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Долбоорго жалпы 16 миллион евро инвестиция тартылган. Анын ичинен 8 миллион евро насыя түрүндө, дагы 8 миллион евро грант катары берилген.

Долбоордун алкагында “Орто-Алыш” суу алуу жайында 35 жаңы кудук казылып, пайдаланууга берилди. Ошондой эле узундугу 3,2 чакырым болгон магистралдык суу түтүгү курулуп, 11 чакырымдык канализациялык коллектордун курулушу аяктады. Ичүүчү жана агынды суунун сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында заманбап лабораториялык жабдуулар жеткирилди.

Долбоорду натыйжалуу башкаруунун аркасында гранттык каражаттардан 3,6 миллион евро үнөмдөлүп, ал каражаттар Бишкектин түштүк бөлүгүнүн инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Натыйжада 2,6 чакырым суу түтүктөрү жана 4,9 чакырым канализациялык тармактар курулду.
Мындан тышкары, “Бишкексууканал” ишканасы үчүн 108 даана жабдуу жана 4 даана атайын техника сатылып алынды.

Долбоор 2025-жылдын май айында аяктады. Өздөштүрүлгөн каражаттардын жалпы көлөмү долбоордун жалпы бюджетинин 98 пайыздан ашыгын түздү.

Долбоордун ишке ашырылышы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системаларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга жана борбор калаанын инженердик инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берди.

Мындан тышкары окуңуз

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media
Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media
Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media