Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке өткөрүлдү
Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты кайрадан муниципалдык менчикке кайтарылды.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, Боо-Терек айлында жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты боюнча узакка созулган соттук териштирүүлөр аяктады.
Жыйынтыгында жергиликтүү соттордун имаратты айыл өкмөтүнүн менчигине кайтаруу тууралуу чечимин Жогорку сот толугу менен күчүндө калтырды.