“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип тариздесе болот

“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип тариздесе болот

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ай сайын төлөнүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулун “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тапшыруунун жол жобосун жарыялады.

Билдирүүгө караганда, арыз берүү үчүн интернетке туташкан смартфон, паспорт жана арыз ээсинин атына Элдик Банк же Айыл Банкта ачылган банктык эсеп талап кылынат. Эгерде эсеп жок болсо, аны ушул банктардын биринин мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн ачууга болот. Катталгандан кийин банк автоматтык түрдө «талап боюнча» эсеп ачат жана жөлөкпул дал ушул эсепке которулат.
  1. Жөлөкпулду тариздөө үчүн алгач «Түндүк» тиркемесин орнотуп, каттоодон өтүп, аралыктан биометрикалык идентификациядан өтүү жана системага кирүү зарыл.
  2. Андан соң «Кызматтар» бөлүмүнөн «Социалдык төлөмдөр» категориясын тандап, «Бала ырысы» кызматын ачуу керек.
  3. Арыз толтурулуп жаткан учурда система арыз ээси жана бала тууралуу маалыматтарды, анын ичинде туулгандыгы жана катталган дареги боюнча маалыматтарды автоматтык түрдө текшерет.
  4. Текшерүү ийгиликтүү аяктагандан кийин электрондук арызды жөнөтүү гана калат. Арыздын кароо баскычын «Арыздардын тарыхы» бөлүмүнөн көзөмөлдөөгө болот.
Министрлик ошондой эле жөлөкпул дайындоонун негизги шарттарын эске салды. Жөлөкпул үч жашка чейинки балдарга дайындалат. Баланын ПИНи көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болушу керек. Ошондой эле арыз ээси менен бала бир дарек боюнча каттоодо турушу зарыл.

Эгерде каттоо дареги өзгөргөн болсо, анда маалыматтарды алдын ала Калкты тейлөө борбору (КТБ), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же айыл өкмөтү аркылуу жаңыртуу керек.

Мобилдик тиркемени колдонууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыгына жеке өзү кайрылып, арыз бере алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media