Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткен облусунда бажы, чек ара жана ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалды.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, коррупциялык схема Ички иликтөөлөр башкармалыгы менен УКМКнын Баткен шаары жана Баткен облусу боюнча башкармалыгынын 6-бөлүмү жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган.

Тергөөдө белгилүү болгондой, "Баткен" бажысынын, Чек ара кызматынын жана ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, транзиттик жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз калтырууга көмөктөшүү үчүн системалуу түрдө мыйзамсыз акчалай сыйлык алып турушкан.

Учурда бул факты боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга каршы күрөш ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгилеп, укук коргоо органдары менен биргеликте мындай мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштери мындан ары да улантыларын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул