Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкек шаарында жер мунапысынын алкагында шаар куруу корутундусун алуу үчүн 16 миңден ашуун арыз түшүп, анын негизинде 13 миңден ашык даяр корутунду комиссиянын кароосуна өткөрүлдү.

Шаар куруу жана архитектура департаментинин маалыматына ылайык, Президент Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койгондон бери Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Жер мунапысы бөлүмүнө 16 616 арыз келип түшкөн.

2026-жылдын январынан 1-июлуна чейин 2 022 шаар куруу корутундусу даярдалып, комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Учурда комиссияга өткөрүлгөн даяр шаар куруу корутундуларынын жалпы саны 13 698ге жетти.

Ошол эле учурда 2 123 арыз боюнча баш тартуу чечими кабыл алынган. Буга жер тилкелеринин санитардык-коргоо аймактарында, сейил бактарда, электр өткөрүү линияларынын алдында же тазалоочу курулмалар жайгашкан аймактарда жайгашканы себеп болгон.

Жер мунапысы боюнча кайрылуулар Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсү, 31 дарегинде жайгашкан Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Жер мунапысы бөлүмүндө кабыл алынат. Байланыш телефону: 0312 31 29 95.
Эске салсак, 2026-жылдын 3-июлунда Президент Садыр Жапаров жер мунапысынын мөөнөтүн узартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жер тилкелерин тариздөөнүн айрым этаптарын аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын 15-декабрына чейин узартылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул