ИИМ анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат

ИИМ анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат

КРнын ИИМи жарандарды ар кандай кызматтарды, анын ичинде чет өлкөдөн автоунаа алып берүү, каржылык операцияларга ортомчулук кылуу, жумушка орноштуруу жана акча каражаттарын өткөрүп берүү менен байланышкан башка кызматтарды сунуштаган анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат.

Маалыматтарга ылайык, акыркы убакта шылуундар жарандардын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен жарандардын акча каражаттарын ээлеп алып, кийин өздөрү алган милдеттенмелерин аткарбай койгон учурлар көп катталууда.

Ушуга байланыштуу ИИМ жарандарга анча тааныш эмес адамдарга акча каражаттарын бербөөнү, күмөн жараткан сунуштарга макул болбоону, сатуучулардын, ортомчулардын жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүнүн документтерин, ыйгарым укуктарын, ишенимдүүлүгүн, ошондой эле алар берген маалыматтардын чын-төгүнүн кылдат текшерүүнү сунуштайт.

-        Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз же мындай фактылар тууралуу маалыматыңыз болсо, дароо ички иштер органдарына кайрылыңыз.
-        Жөнөкөй сактык чараларын сактоо материалдык чыгымга учуроонун жана алдамчылардын курмандыгы болуп калуунун алдын алууга жардам берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды