Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык сертификаты жок Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын маалыматына ылайык, 8-июлда "Ак-Тилек" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан "Жыйынды" карантиндик фитосанитардык постунда текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандан ташылып келген 36 тонна унду Кыргызстандын аймагына алып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптар бузулганы аныкталган.

Тактап айтканда, жүк фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукцияга киргенине карабастан, ага тиешелүү фитосанитардык сертификат тиркелген эмес.

Буга байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартибине ылайык, жүк өлкөгө киргизилбей, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды