Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндө зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алууга арналган эки күндүк семинарга катышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү "Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү" аттуу эки күндүк семинарга катышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) №190 "Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө" Конвенциясын ишке ашыруунун механизмдерин, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин жана коопсуз, зомбулуктан эркин эмгек чөйрөсүн түзүүдөгү кесиптик бирликтердин ролун талкуулашты.

Ошондой эле иш-чарада бул багыттагы эл аралык жана улуттук тажрыйбалар боюнча пикир алмашуу болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда ЭЭУнун №190 Конвенциясынын ченемдерин Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына имплементациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн