Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн "Алтын Строй Групп" компаниясынын лицензиясы токтотулду. Буга чейин компанияга эки жолу 200 миң сомдон айып пул салынып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлгөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы 7-апрелде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай архитектуралык-уруксат берүүчү документтерсиз жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусусуз курулуп жатканын аныктаган. Натыйжада курулуш токтотулуп, компанияга 200 миң сом айып пул салынган.

Кийинчерээк ушул эле компания Курманжан-Датка көчөсү, 24 дарегинде дагы документтери жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок жер казуу иштерин жүргүзүп жатканы аныкталып, курулуш кайрадан токтотулган.

22-июнда жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө курулуштан улам тротуар бузулганы аныкталып, компанияга дагы 200 миң сом айып пул салынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эки объектте тең курулуш мыйзамсыз уланып жатканы аныкталып, материалдар Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Бардык мыйзам бузууларды эске алуу менен "Алтын Строй Групп" курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул