Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында 49 маселе каралып, анын ичинде 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн берүүгө макулдук берилди.

Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын 8-июлдагы отурумунда жалпысынан 49 маселе каралды.

Жыйындын жыйынтыгында 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн, 8 жер тилкесин аукцион аркылуу ижарага берүүгө, 9 жер тилкесин аукционго чыгарууга жана 4 жер тилкесин түз ижарага берүүгөмакулдук берилди. Чечимдер Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын корутундуларынын негизинде кабыл алынган.

Мындан тышкары, мэриянын 2023-жылдын 26-июнундагы №293 токтомунун алкагында үч жер тилкесине демөөрчүлөрдүн эсебинен заманбап "акылдуу" аялдамаларды курууга уруксат берилди. Долбоорго ылайык, аялдамалардын аянтынын 30%ы тейлөөчү жай катары пайдаланылат.

Ошондой эле комиссия ижарага берилген жер тилкелери боюнча мурда кабыл алынган үч чечимге өзгөртүүлөрдү киргизди.

Мэрия бардык чечимдер колдонуудагы мыйзамдардын жана нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык ачык-айкын кабыл алынганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул