Соң-Көлдөн 37 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды
Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери Соң-Көл көлүндө жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 37 чакырымды түзгөн мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, көлдүн акваториясы тазаланды.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чараны "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өткөрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн акваториясында мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, алардын жалпы узундугу 37 миң метрди (37 чакырымды) түзгөн торлор көлдөн чыгарылды.
Министрлик белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан иштер Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, балык ресурстарын сактоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.
Учурда көлдү мыйзамсыз балык уулоочу шаймандардан тазалоо жана анын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иштер уланууда.


