Ысык-Көлдө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилди

Ысык-Көлдө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Ысык-Көл облусундагы Семетей жана Сары-Жаз унаа жолдорунун сапатын текшеришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө адистер аталган жолдордун асфальт-бетон жабуусунан керн үлгүлөрүн алышты.

Алынган үлгүлөр сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, комплекстүү изилдөөлөрдөн өткөрүлөт. Текшерүүнүн алкагында асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү аныкталып, анын курулуш ченемдерине, мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги бааланат.

Курулуш министрлиги өлкө боюнча курулуп жаткан жолдордун жана башка объектилердин сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, бардык этаптарда курулуш стандарттарынын жана коопсуздук талаптарынын сакталышы камсыздалып жатканын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды