Аравандык дыйкан 28 гектар таштак жерди мөмө багына айлантты

Аравандык дыйкан 28 гектар таштак жерди мөмө багына айлантты

Араван районунун тургуну Залкарбек Кожобаев 10 жыл мурда 28 гектар таштак жерди өздөштүрүп, бүгүнкү күндө кокон гилас менен шабдалы өстүргөн жемиш багын түптөдү. Эми ал тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, түшүмүн экспортко чыгарууну көздөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, жакында эле каралбай калган жерлерди өздөштүргөн дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар тууралуу маалымат алган. Ошондуктан келерки жылы багына тамчылатып сугаруу системасын орнотууну пландап жатат.

"20/80" долбоору менин көңүлүмө толуп турат. Бул программа аркылуу суу чарба башкармалыгы тамчылатып сугаруу системасын өзү орнотуп берет экен. Андан кийин жыл сайын түшкөн кирешенин 20%ын мамлекетке төлөйбүз", – деди ал.

Учурда Залкарбек Кожобаев өстүргөн мөмө-жемиштерин жергиликтүү базарларда сатып келет. Тамчылатып сугаруу системасы орнотулгандан кийин түшүмдүүлүк жогорулап, продукциясын экспортко чыгарууну көздөп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Араван районунда жүздөгөн дыйкан жеңилдетилген насыялардын негизинде чарбасын өнүктүрүп, өстүргөн түшүмүн чет өлкөлөргө экспорттоодо.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн