Курулуштагы көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышы боюнча рейд жүрүүдө

Курулуштагы көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышы боюнча рейд жүрүүдө

Бишкекте курулуп жаткан эки көп кабаттуу турак жайда аймактарды көрктөндүрүү талаптары сакталбаганы аныкталып, курулуш компанияларына административдик чаралар көрүлүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун негизинде борбор калаада курулуш объектилерин текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар уланууда.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, Горький көчөсү 1 дарегинде курулуп жаткан 14–16 кабаттуу турак жай жана 7-Апрель көчөсү 156/3 дарегиндеги 16 кабаттуу турак жай текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш объектилеринин айланасын көрктөндүрүү боюнча бир катар талаптар аткарылбаганы аныкталган. Тактап айтканда, ички жолдорду уюштуруу, тротуарларды куруу, унаа токтотуучу жайларды жасоо, тышкы жарыктандыруу, жашылдандыруу жана аймактарды көрктөндүрүү иштери талаптагыдай жүргүзүлгөн эмес.

Аталган мыйзам бузууларга байланыштуу курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Голден Констракшн" жана "Эридан" ЖЧКларына милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, мыйзам бузууларды жоюу боюнча административдик чаралар көрүлүүдө.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти КР КН 12-02:2018 "Курулуш өндүрүшүн уюштуруу" ченемдик документинин талаптары сакталбаган учурда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн