Н.Орунтаев: Жаңы окуу жылына карата 36 мектеп пайдаланууга берилет

Н.Орунтаев: Жаңы окуу жылына карата 36 мектеп пайдаланууга берилет

Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 ири мектеп 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 ири мектептин курулушу жүрүп жатат.

Министрдин айтымында, Бишкекте курулуп жаткан мектептердин эң кичинеси 550–700 орунга ылайыкталса, эң ириси 1200 окуучуга эсептелген.

Ал эми Ош шаарында салынып жаткан 10 мектеп жалпы 50 миңге жакын окуучуну мектеп орундары менен камсыздай турганын белгиледи.

"Биз быйылкы жылы мектеп орундарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылуудабыз. Мисалы, Бишкекте 20 мектеп куруу менен 100 миңге жакын баланы мектеп оруну менен камсыз кылабыз”, — деди Нурдан Орунтаев.

Министр ошондой эле учурда өлкө боюнча жалпысынан 540 объект курулуп жатканын айтты. Анын ичинен 200гө жакыны мектеп, 50дөн ашыгы бала бакча болсо, калгандары башка багыттагы объектилер.

Анын маалыматына ылайык, быйыл бул объектилердин ичинен 200гө жакынын пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн