ӨКМ министри Аксы жана Ала-Букадагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

ӨКМ министри Аксы жана Ала-Букадагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондоруна иш сапары менен барып, сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы абалды жеринен көрүп чыкты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, министр калыбына келтирүү жана алдын алуу иштеринин жүрүшүн текшерип, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Ал жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо экенин белгиледи.

Иш сапарынын алкагында Канатбек Чыныбаев Ала-Бука районундагы министрликке караштуу Токой кызматынын ишмердүүлүгү менен да таанышып, жаңы отургузулган көчөттөрдүн абалын көрдү.

Мындан тышкары, министр Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн административдик имаратын кыдырып, кызматкерлер үчүн заманбап жана тийиштүү эмгек шарттарын түзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал өздүк курам арасында кандай гана максатта болбосун акча чогултуу фактыларына жол берилбеши керектигин баса белгилеп, бул талаптын так аткарылышын камсыздоону тапшырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн