Абаны булгагандарга карата айып пул салынды

Абаны булгагандарга карата айып пул салынды

10-июлда Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында рейддик иш-чара өткөрдү.

Рейддин негизги максаты – автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага зыяндуу заттардын нормадан ашык бөлүнүп чыгышын аныктоо жана мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чараларды көрүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам талаптарын одоно бузган жарандарга карата протоколдор түзүлүп, жалпы 22 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Автоунаалардан чыккан коюу кара түтүн жана уулуу газдар Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги себептеринин бири болуп саналат. Алардын курамындагы көмүр кычкыл газы, азот кычкылдары, күкүрт кошулмалары жана майда бөлүкчөлөр адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, дем алуу органдарынын, жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшүнө, ошондой эле экологиялык абалдын начарлашына алып келет.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын камсыз кылуу максатында мындай рейддик иш-чараларды жыл бою үзгүлтүксүз жүргүзөт. Мыйзам талаптарын бузган бардык жарандарга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Сапар агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы капитал тартууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Иш сапардын алкагында 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүү темпи, долбоорлордун

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бакай-Ата районунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматка ылайык, анын кызы 2025-жылы жолдошу менен ажырашкандан кийин беш