"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягына чейин жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, 31-августта "Бишкек Аренада" Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өткөрүлөт. Бул күнү оюндарга катышкан өлкөлөрдүн командаларынын парады өтүп, мамлекет башчыларынын катышуусунда кыска концерттик программа уюштурулат.

Ал эми стадиондун расмий ачылышы өзүнчө майрамдык иш-чара катары сентябрдын аягына чейин өткөрүлөт.

"Биздин сыймыгыбыз болгон “Бишкек Аренанын” расмий ачылыш салтанаты жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда, шаан-шөкөт жана эстрада жылдыздарынын концерти менен сентябрдын аягына чейин өтмөкчү", — деп жазды Аскат Алагөзов.

Ал ошондой эле мындай чечимдин себебин түшүндүрүп, өлкө жетекчилиги жаңы стадиондун ачылышына бардык жарандардын катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөп жатканын белгиледи.

"Өлкө жетекчилигинде ушундай ири имарат же чоң долбоор болобу, ар бир кыргызстандыктын салымы бар, ошондуктан жамы журттун катышуусунда жакшынакай майрамдык маанайда өтүшү керек деген изги тилек бар. Демек, өлкө сыймыгы боло турган имарат жумурай журттун бата-тилеги менен ачылганы туура деп эсептейбиз", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.