Кадамжайда 69 млн сомго жаңы бала бакча курулду

Кадамжайда 69 млн сомго жаңы бала бакча курулду

Кадамжай шаарында “Аленушка” балдар бакчасынын курулушу аяктап пайдаланууга берилди. Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын алкагында, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан аймактык экономикалык өнүгүү долбоору аркылуу курулду. Бул тууралуу прзеиденттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы 69 миллион сомду түздү. Эки кабаттуу бала бакча 90 орунга ылайыкташтырылып, анда балдардын сапаттуу билим алып, тарбиялануусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Имарат окуу жана оюн бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, ашкана, санитардык түйүндөр, жылытуу жана башка керектүү инженердик системалар менен камсыздалган.

Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, объектти пайдаланууга берүү боюнча акыркы даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев объекттин даярдыгы менен жеринен таанышып чыгып, тиешелүү мекемелерге бардык уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүп, бала бакчаны 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү боюнча тапшырмаларды берди.

Жаңы бала бакчанын пайдаланууга берилиши мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, Кадамжай шаарынын тургундары үчүн маанилүү социалдык объекттердин бири болот.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган. Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарында өлкөгө киргизилип жаткан өсүмдүк продукцияларына жана жарандардын кол жүгүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөндөр, көчөттөр жана башка

Терек-Ташта жергиликтүү бийлик жеке менчик жердеги таштандыларды тазалады

Терек-Ташта жергиликтүү бийлик жеке менчик жердеги таштандыларды тазалады

Чүй районунун Онбир-Жылга айыл аймагына караштуу Терек-Таш капчыгайында топтолгон мыйзамсыз таштандылар толугу менен тазаланды. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Буга чейин социалдык тармактарда аталган аймакта таштанды топтолуп калганы тууралуу маалымат тараган. Терек-Таш капчыгайындагы таштанды ташталган жер тилкесинин жалпы аянты 2 гектарды түзүп, жеке менчикке таандык экени

Улуттук банк Yurta электрондук акча системасынын операторун реестрден чыгарды

Улуттук банк Yurta электрондук акча системасынын операторун реестрден чыгарды

КРнын Улуттук банкы Yurta эл аралык электрондук акча системасынын оператору "RPS Asia" ЖЧШнун каттоо маалыматын жокко чыгарды. Тиешелүү чечимди Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети 2026-жылдын 20-августунда кабыл алган. Билдирүүгө караганда, компания Кыргызстандын аймагында оператор катары иш алып барбагандыктан, анын Улуттук банктагы эл аралык электрондук акча системасынын