Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө
Москва районунда Бишкек–Кара-Балта эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы соода-сатык объектилерин дизайн-коддун талаптарына ылайык келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жумушчу комиссия түздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, ишкерлерге мыйзам талаптарын сактоо жана соода объектилеринин сырткы көрүнүшүн белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иштер жол боюндагы объектилерди бирдиктүү архитектуралык талаптарга ылайык келтирүүгө, аймактын көркүн жакшыртууга жана шаар куруу талаптарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган.


