Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулатууга чектөө киргизилди

Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулатууга чектөө киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Калк үчүн айрым тарифтерди, жыйымдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылдык мөөнөткө мораторий киргизилет.

Мораторий биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөлүк бюджеттердин туруктуулугун сактоого жана калкка кошумча финансылык жүктүн түшүшүнө жол бербөөгө багытталган.

Мораторий күчүндө болгон мезгилде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар мораторийге кирген төлөмдөрдү жогорулата алышпайт.

Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, стратегиялык мааниге ээ тармактардын жана критикалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешине, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу учурларда гана өзгөчө жагдайлар каралган.

Бул чечим чоң социалдык мааниге ээ. Анткени коммуналдык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар ар бир үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушуна түздөн-түз таасир этет. 

Мораторийди киргизүү милдеттүү төлөмдөрдүн туруктуулугун камсыз кылууга, чыгымдардын кескин өсүү тобокелдигин азайтууга жана тарифтердин аз гана жогорулашы да олуттуу жүк болуп эсептелген калктын эң аялуу катмарларын колдоого мүмкүндүк берет.    

 

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.