Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар өз өндүрүмү менен катыша алышат.

Ош шаардык мэриясы иш-чара учурунда катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугу толук камсыздаларын билдирди. Ошондой эле сапаттуу жана арзан азыктарды алып калууга үндөйт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды