Чүйдө жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн тамчылатып сугаруу арттырууда

Чүйдө жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн тамчылатып сугаруу арттырууда

Чүй облусунун Сокулук районундагы “Жарык ынтымак” кооперативи быйыл 35 гектар аянтка жүгөрү эгип, мол түшүм алууга кам көрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, кооператив 2019-жылы түзүлүп, учурда жети мүчөдөн турат. Алар жалпысынан 600 гектардан ашуун жерди иштетсе, анын 110 гектары министрликтен ижарага алынган.

Кооператив “Элдик Банктан” 6%дык жеңилдетилген насыя алып, тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, айыл чарба техникаларын сатып алган.

“Жарык ынтымак” кооперативинин мүчөсү Эрмамат Абдисамат уулунун айтымында, быйыл 35 гектар аянтка жүгөрү себилген. Анын 20 гектарына дан багытындагы Түркиядан алынып келинген "Торо" сорту, ал эми 15 гектарына силос үчүн "Лидер 77" сорту эгилген.

Өткөн жылы кооператив жүгөрүнүн ар бир гектарынан 20 тоннага чейин түшүм алган. Быйыл болсо бул көрсөткүчтү дагы жогорулатып, гектарынан 20 тоннадан ашуун түшүм алуу күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52