Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап чуркоочу жолдор жасалды

Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап чуркоочу жолдор жасалды

Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо жеңил атлетика, узундукка жана бийиктикке секирүү, ядро ыргытуу, аралыкка чуркоо үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги Швейцариянын CONICA брендинин технологиясы менен заманбап чуркоо жолдору жасалды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп, чуркоо жолдорунун сырткы каптамасына 12 жылдык кепилдик берилип, аймактын климаттык шарттарына ылайыкташтырылып жасалган. Буга чейин чуркоо жолу 8 паласа болсо, эми дүйнөлүк стандарт менен 9 паласа болуп жасалды.

Эми, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиону дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын сертификатына ээ болот. Бул – спорттун жеңил атлетика түрүн дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, эл аралык стандарттагы спорттук мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

18-сентябрда Астана шаарында «Борбор Азия + Италия» бизнес-платформасынын форуму өтүп, анын алкагында B5+ITALY платформасы расмий ишке кирди. Форумга Италия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан ишчарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышкан. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык

Ишкер Media
Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, маалымкаттар "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Ишкер Media
Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Бишкекте акча которуулар боюнча Улуттук кызыкдар тараптар тармагынын (NRSN) төртүнчү жыйыны өттү. Ага банктар, микрофинансылык уюмдар, Улуттук банк, эл аралык жана технологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай билдирүүнү Кыргызстан банктарынын бирикмесинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстандагы акча которуулар рыногунун абалы, санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери

Ишкер Media
XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Кече Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулар дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу парадга катышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду. Кыргызстандык спортчулар аталган шаарга 17-

Ишкер Media