Кыргызстан менен Өзбекстан үрөнчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстан үрөнчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Өзбекстандын Айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Юлдашев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү багыттарын талкуулап, тармактык ведомстволордун ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле күрүч, картошка өстүрүү, үрөнчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча кызматташууну өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун биргелешип сыноо, үрөн материалдары менен алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана илимий мекемелердин кызматташтыгын чыңдоо маселелери каралды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Дүйнөдөгү эт өндүрүүнүн жаңы технологиялары

Курулушу кечеңдеген компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейт

Оштогу 2 айыл таза суу менен камсыз болот

М. Ауэзов көчөсүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет