Курулушу кечеңдеген компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейт
Кечээ курулуш министри Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктай албай жаткан 31 курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жыйын өттү.
Министрликтен билдиргендей, жыйында жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде курулушу кечеңдеп жаткан объектилердин абалы каралды.
Министр ар бир объекттин курулуш этабын өз-өзүнчө карап чыгып, компания өкүлдөрүнөн иштин жүрүшү жана белгиленген мөөнөттө аяктабай жатышынын себептери боюнча маалымат алды.
Нурдан Орунтаев министрликтин тиешелүү департаменттерине курулуш объектилерин белгиленген мөөнөттө бүтүрбөй жаткан компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат бербөө тапшырмасын берди.
Ошондой эле, инспекторлорго курулушу бүтпөй жаткан объектилерди тыкыр көзөмөлдөө талабы коюлду.
Айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Министр курулуш компаниялары биринчи кезекте өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарып, жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезиши керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө пайдубалы түптөлө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салынган болчу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу