Оштогу 2 айыл таза суу менен камсыз болот
Кечээ Ош шаарында Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун онлайн ачылышы болуп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышты. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка караганда, долбоордун алкагында 30 метр тереңдиктен артезиан суусу чыгарылып, лабораториялык текшерүүдөн өткөн суу насостун жардамы менен атайын резервуарларга жеткирилет.

Жалпы көлөмү 1000 куб метрди түзгөн эки суу сактагыч курулган. Алардын ар биринин сыйымдуулугу 500 куб метрди түзөт.
Сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук жабдуу орнотулуп, суу тиешелүү тазалоо процессинен өткөндөн кийин керектөөчүлөргө берилет.
Долбоордун алкагында жалпы 26 чакырым суу түтүгү тартылган. Эми, Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарындагы 950 кожолук таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздалат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу