Нарындагы бугу-марал питомнигинин аймагы 82 гектарга чейин кеңейтилди

Нарындагы бугу-марал питомнигинин аймагы 82 гектарга чейин кеңейтилди

Нарын мамлекеттик коругундагы бугу-марал питомнигинин аймагына кошумча 32 гектар жер тосулуп, корголгон аянты 82 гектарга жетти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кошумча 32 гектар жер тосулуп, питомниктин жалпы корголгон аянты 82 гектарды түздү. Ал эми коруктун жалпы аянты 112 миң 363,5 гектарды түзөт.

Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган. Алардын арасында Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, Тянь-Шань күрөң аюусу, бугу-марал, аркар-кулжа, бүркүт, ителги, кумай жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулар кездешет.

Мындан тышкары, коруктун аймагында 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, ак кодол жана башка баалуу дары чөптөр бар.

Министрлик белгилегендей, питомникте өстүрүлгөн бугу-маралдар 2018-жылы алгачкы жолу Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына көчүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52