Кыргызстанда жол кырсыгынан жабыркагандар көбөйүүдө

Кыргызстанда жол кырсыгынан жабыркагандар көбөйүүдө

2025-жылы Кыргызстанда ар кандай жаракат менен стационардык дарылануудан өткөн 5 012 чоң киши жана өспүрүмдөрдүн 1 280и же 25,5%ы жол-транспорт кырсыктарынан жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын биринчи кварталында дагы 255 адам жол кырсыгынан кийин ооруканада дарыланууга мажбур болгон.

Айрыкча, жаш балдардын жол кырсыгынан жабыркашы да кооптондурууда. 2025-жылы шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасынын травмпунктуна жол кырсыгынан кийин 1 866 бала кайрылып, алардын 443ү стационарга жаткырылган. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында медициналык жардам алуу үчүн 1 057 бала кайрылып, 287си ооруканада дарыланууга муктаж болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги жол кырсыгынан жабыркагандарды дарылоо, бейтаптардын калыбына келүүсү көп учурда айларга, кээде жылдарга чейин созула тургандыгын билдиришүүдө.

Ушундан улам министрлик айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, белгиленген ылдамдыкты ашпоону, коопсуздук курун тагынууну, мотоцикл айдоодо коргоочу шлем колдонууну, мас абалында унаа башкарбоону жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну эскертүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

Декабрдын башынан тартып SCAT авиакомпаниясы Бишкек - Санья - Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору АКК билдирди. Маалымдалгандай, түз аба каттам Кыргызстандыктарга Кытайдын эң популярдуу курортторунун бири - Хайнань аралындагы Санья шаарына которулмаларсыз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы чартер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүп, жүргүнчүлөр үчүн дагы бир

Ишкер Media
Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media