Ысык-Көлдө саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын саны 286га жетти

Ысык-Көлдө саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын саны 286га жетти

2026-жылдын биринчи жарымында Ысык-Көл аймагында саркынды сууларды тазалоочу 35 курулма пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Бекжан Султангазиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жаңы объектилердин эсебинен аймактагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын жалпы саны 286га жетти. 2025-жылы бул көрсөткүч 251 объектти түзгөн.

Султангазиев белгилегендей, Ысык-Көлдөгү бардык конок тосуу жайларында саркынды сууларды тазалоочу курулмалар болушу же тиешелүү тутумга кошулушу шарт.

Учурда саркынды сууларды тазалоо системасына кошулбаган же тиешелүү курулмалары жок объекттер дагы бар экени кошумчаланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды