Бостеридеги эс алуу борборунда мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Бостеридеги эс алуу борборунда мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Борбор" эс алуу борборунун аймагында жайгашкан курулуш объекттерине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен курулган жана пайдаланылып жаткан бир катар объекттер аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жеке жактарга таандык бүтпөй калган эки кабаттуу курулуш объектиси, үч жана эки кабаттуу конок үйлөрү, бир нече ашкана, бир кабаттуу кафе, ошондой эле кызматкерлер үчүн курулган имараттар мыйзам талаптарын бузуу менен курулуп, пайдаланылып жатканы аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, объект ээлерине кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күндүк мөөнөт берилди.

Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин жазуу түрүндө берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышы кайрадан текшерилет. Эгерде мыйзам бузуулар белгиленген мөөнөттө жоюлбаса, күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52