Кыргызстанды түндө 3 ирет жер титиреди
Өлкө аймагында 4-ноябрда саат 03:34 чамасында очогунда 5,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Оштогу Бор-Дөбө айылынан 14 км түндүк-батышта, Ош шаарынан 110 км түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Бор–Дөбө айылында 5 баллга жакын, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол 4 балл, Дароот-Коргон, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.
Өлкө аймагында ушул эле күнү саат 4:44 чамасында экинчи ирет жер силкинген. Анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
Билдирүүгө ылайык, сил силкинүү Оштун Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга чейин сезилген.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-ноябрда саат 4:50дө да жер тирөө катталган. Анын очогу кыргыз-тажик чек арасында, Бор-Дөбө айылынан 8 км түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 126 км түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Бор-Дөбө айылында 4,5 баллга жакын, Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол, Нура айылында 3,5 баллга жакын сезилген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу