Акысыз кино: Бишкекте Австрия, Швейцария жана Германиянын тасмалары көрсөтүлөт
9–14-ноябрь күндөрү Бишкекте Германия, Австрия жана Швейцариянын маданиятына арналган Немис тили күндөрү өтөт. Фестивалдын алкагында үч өлкөнүн көркөм тасмалары акысыз көрүүгө сунушталат. Бул тууралуу уюуштуруучулар маалымдашты.
Кино көрсөтүүлөр 10–12-ноябрь күндөрү “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Бардык сеанстар саат 18:00дө башталат.
Билдирүүгө караганда, көрүүчүлөргө төмөнкү тасмалар сунушталат:
- 10-ноябрь — Австриянын “Францтын окуясы” (Geschichten vom Franz) тасмасы. Немис тилинде, кыргызча субтитр менен көрсөтүлөт.
- 11-ноябрь — Швейцариянын “Салам, Бетти” (Hallo, Betty) тасмасы. Швейцариялык немис тилинде, кыргызча жана орусча субтитрлер менен көрсөтүлөт.
- 12-ноябрь — Германиянын “Көк чек аранын аркы тарабында” (Jenseits der blauen Grenze) тасмасы. Немис тилинде, орусча субтитр менен көрсөтүлөт.
Бардык киносеанстарга кирүү акысыз.
Немис тили күндөрү Германия, Австрия жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиликтери тарабынан жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулууда.
Иш-чара 9-ноябрда Германиядан келген музыкант Матце Россинин кыргызстандык музыкант Мээрим Сабатова менен биргеликте өтүүчү концерти менен ачылат. Концертке кирүү дагы - акысыз.