Таласта ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилет
Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн биринчи партиясы даяр болду. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында курулган 319 батирлүү көп кабаттуу турак жайлардын курулушу толугу менен аяктады.
Талас шаарынын Тынчтык конушунда жайгашкан турак жайларпрезидент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде курулуп, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу облус тургундарына 4 жана 8%дык жеңилдетилген шарттар менен берилет.