Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводундагы 80 тоннага жакын уулуу химикат жок кылынат

Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводундагы 80 тоннага жакын уулуу химикат жок кылынат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунун аймагында топтолгон 80 тоннага жакын уулуу химикаттарды экологиялык жактан коопсуз утилизациялоо боюнча долбоор ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор үч тараптуу макулдашуунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана "Росатом" мамлекеттик корпорациясына караштуу "Федералдык экологиялык оператор" федералдык мамлекеттик унитардык ишканасы менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

"Кристалл" заводу советтик мезгилде поликристаллдык кремнийди жана жарым өткөргүч материалдарды өндүргөн стратегиялык өнөр жай объектиси болгон. Учурда заводдун аймагындагы атайын металл цистерналарда 80 тоннага жакын уулуу химикаттар сакталууда.

Бул кооптуу калдыктарды утилизациялоо маселеси акыркы 15 жылдан бери чечилбей келген. Моралдык жана физикалык жактан эскирген жабдуулар аймактагы экологиялык коркунучту күчөтүп, көйгөй Советтер Союзунан калган экологиялык мурастардын бири катары сакталып келген.

Практикалык иштерди 2026-жылдын ноябрь айында баштоо пландалууда. Суук мезгилдин тандалышы утилизациялоо процессиндеги техникалык коопсуздук талаптары менен түшүндүрүлөт.

Долбоорду 2027-жылы толук аяктоо мерчемделүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

ШКУнун жыйынында Тышкы иштер министрлери бир катар документтерге кол коюшту

ШКУнун жыйынында Тышкы иштер министрлери бир катар документтерге кол коюшту

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жыйынан кийин бир нече чечимдерге кол коюлду. Кол коюлган документтер: Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибинин долбоору жана “ШКУ плюс” форматындагы жолугушуунун негизги темалары жөнүндө; Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында кол коюла

Бостеридеги эс алуу борборунда мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Бостеридеги эс алуу борборунда мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Борбор" эс алуу борборунун аймагында жайгашкан курулуш объекттерине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен курулган жана пайдаланылып жаткан бир катар объекттер аныкталды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-

Токтогулдун Камыш-Башы айылына таза суу тартылууда

Токтогулдун Камыш-Башы айылына таза суу тартылууда

Токтогул районунун Камыш-Башы айылында жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында суу түтүк тармактарын төшөө иштери толугу менен аяктады.  Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери акыркы этабына чыкты. Учурда объектте төмөнкүдөй жумуштар толугу менен аткарылды: Ичүүчү суу менен камсыздоочу негизги тармакты тартуу иштери

Жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик каттоо күбөлүгүн алуу жеңилдеди

Жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик каттоо күбөлүгүн алуу жеңилдеди

Жеке ишкерлерге мурда кагаз түрүндө берилген мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр санариптештирилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Эми ишкерлер документти электрондук түрдө салык төлөөчүнүн кабинетинен каалаган убакта өз алдынча жүктөп ала алышат. Күбөлүк жоголгон учурда аны кайра калыбына келтирүү үчүн кошумча жарыя берүү талап кылынбайт. Салык кызматынын маалыматына ылайык, жаңы мүмкүнчүлүк