Чоң-Алайда курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Чоң-Алайда курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Чоң-Алай районунда Социалдык фонддун имаратынын курулушунда курулуш ченемдери менен техникалык талаптардын бузулушу аныкталып, подрядчы компанияга 200 миң сом айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштерин улантууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Ч. Сулайманов көчөсү, 68-даректе жайгашкан Социалдык фонддун имаратынын курулуш-монтаждоо иштерин текшерүү учурунда курулуш ченемдери жана техникалык талаптар толук сакталбаганы аныкталган.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Табан" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 миң сомөлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, компанияга аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык компанияларды жана жеке ишкерлерди мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптардын талаптарын так сактоого чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды